Айыл чарба министрлиги жергиликтүү тоюттан балык кырылды деген маалыматты четке какты

Кыргызстандагы балык чарбаларында жергиликтүү тоюттан улам балыктар кырылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасовдун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Бакасов балык тоютун импорттоого чектөө киргизилгенден кийинки кырдаалга кызыкты. Анын айтымында, балык өстүрүүчүлөрдөн жергиликтүү тоюттун сапаты европалык тоюттарга салыштырмалуу төмөн экени жана бул балык өндүрүүгө, ошондой эле кыргыз балыгынын экспортуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген кайрылуулар түшүүдө.
«Бизде 600дөй чарба бар деп жатышат. Кыргыздын балыгы Россияда жакшы сатылып, жакшы атка жетишип жатат. Эми ушунун баарын жоготуп алышыбыз мүмкүн деп кооптонуп жатышат», — деди парламентарий.
Ал өзүнө келип түшкөн маалыматтын чын же жалган экенин так айта албасын белгилеп, Айыл чарба министрлигинен балык өстүрүүчүлөрдүн кайрылууларын текшерүүнү өтүндү. Ошондой эле Бакасов импорт эмне себептен чектелгенин жана мунун артында кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар-жогун тактоого чакырды.
Илич Марсбек уулунун айтымында, 10-сентябрдан тарта Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн балык тоютун алып кирүүгө алты айга чектөө киргизилген. Анын айтымында, мындай чечим ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында кабыл алынган.
Учурда Кыргызстанда балык тоютун чыгарган төрт завод иштейт. Алардын жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу 70 миң тоннаны түзөт. Ал эми өлкөнүн балык тоютуна болгон керектөөсү 20–25 миң тоннанын тегерегинде.
Министрдин биринчи орун басары башка өлкөлөр да ички өндүрүштү коргоо жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн ушундай чараларды колдонорун белгиледи.
Ал эми жергиликтүү тоютка өткөндөн кийин балыктар кырылып жатат деген маалыматты Илич Марсбек уулу четке какты.
«Жергиликтүү тоюттан балыктар кырылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул боюнча толук текшерүү жүргүзүлүп, ветеринардык жана лабораториялык анализдер алынган. Тоюттан бир дагы балык өлгөн эмес», — деди ал.
Илич Марсбек уулунун айтымында, чектөөлөргө нааразы болгондордун арасында Европадан көп жылдан бери балык тоютун ташып келген компаниялар да бар. Бирок министрдин биринчи орун басары бул оюн толук айтып бүтө электе депутат анын сөзүн бөлдү.
Бакасов дагы бир жолу кайсы бир тарапты айыптап жатпаганын, болгону жарандардын кайрылууларын жеткирип, маселени тактап чыгууну суранып жатканын белгиледи.