Оштун эски базарынын ордуна маданий-туристтик комплекс курулатБишкекте теннис комплекси реконструкцияланатКыргызстанда туризм тармагындагы айлыктар 4 жылда дээрлик үч эсеге өстүБишкектин Ала-Тоо аянтында массалык мушташкан өспүрүмдөр кармалдыБишкекте $80 миң байге фонду менен UmutDoc кинофестивалы өтөтКыргызстанда абанын булганышына мониторинг жүргүзүү үчүн жаңы метеорологиялык жабдык ишке кирди
Авариялык абалдагы учакты жерге кондурган учкуч «Эрдик» медалы менен сыйланды
29.08.2019 | 13:44
Кыйын учурда кызматтык жана жарандык милдетин чечкиндүү аткарганы үчүн «Tez Jet» авиакомпаниясынын аба кемесинин командири Дмитрий Палашкин «Эрдик» медалы менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун бүгүн, 29-августта басма сөз кызматы билдирди.
Палашкин өткөн жылы 1-мартта Бишкек—Баткен каттамындагы учак абага көтөрүлгөн соң кыймылдаткычы күйүп кеткен. Мындан улам учак атка кайтып авариялык абалда «Манас» аэропортуна кайра конгон.
Учакта 96 жүргүнчү болгон, бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом