Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
КОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышат
17.08.2026 | 17:46

Кыргыз-Орус Славян университетинин (КОСУ) студенттери 2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө катышат. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, студенттер Оюндарда волонтер катары иштешет. Алар аянтчаларда уюштуруучуларга жардам берип, конокторду жана чет элдик делегацияларды коштоп жүрүшөт, ошондой эле иш-чаранын ар кандай багыттарындагы иштерге катышышат.
Мындан тышкары, КОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылыш аземине тартылып, бий программасынын курамындагы масштабдуу сахналаштырылган оюн-зоокто өнөр көрсөтүшөт.
Учурда студенттер алдыдагы иш-чарага даярдык көрүп жатышат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ондогон өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат. Программага этноспорттук түрлөр боюнча мелдештер, ошондой эле элдердин каада-салттарына жана мурасына арналган маданий иш-чаралар кирет.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКӨ) Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Reporter.kg — ДКӨнүн маалыматтык өнөктөшү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом