Бишкектин Ала-Тоо аянтында массалык мушташкан өспүрүмдөр кармалды

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында массалык мушташкан өспүрүмдөр аныкталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында өспүрүмдөрдүн ата-энелерине карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Ата-энелик милдеттерди аткаруудан качуу» беренеси боюнча протоколдор түзүлүп, айып пул салынган.
Тиешелүү жол-жоболордон кийин өспүрүмдөр ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.
Эске салсак, окуя кечээ, 19-августта, кечки саат 10:00дөр чамасында болгон. Reporter.kg редакциясына аталган массалык мушташтын видеосу келип түшкөн. Окуянын күбөсүнүн айтымында, Ала-Тоо аянтында жыйырмага жакын жаштардын ортосунда чыр чыгып, ал бат эле массалык мушташка айланган.