17-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37°Cге чейин жетет, айрым аймактарда өткүн өтөт

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 17-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетип, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.
Мекеменин маалыматына ылайык:
- Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22°C, күндүз +30…+35°C;
- Талас облусунда түнкүсүн +11…+16°C, күндүз +28…+33°C;
- Ош облусунда түнкүсүн +19…+24°C, күндүз +32…+37°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +19…+24°C, күндүз +32…+37°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн +19…+24°C, күндүз +32…+37°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17°C, күндүз +25…+30°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11°C, күндүз +26…+31°C болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +20…+22°C, максималдуу температурасы күндүз +32…+34°C болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +15…+17°C, максималдуу температурасы күндүз +25…+27°C болот.