Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Автобустун айдоочусуна кол көтөргөн адам милицияга жеткирилди (видео)
25.10.2023 | 14:11
Бишкекте көчөдө автобустун айдоочусуна кол көтөрүп, урган Kia Morning унаасынын айдоочусу милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга Kia Morning унаасынан айдоочусу жүргүнчү ташыган автобустун айдоочусун уруп жатканы тартылган видео тараган.
Кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, окуя Бишкектин Анкара көчөсүндө болгон. Аталган окуя боюнча Kia Morning унаасынын айдоочусу Октябрь райондук милициясына анын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз