“Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пунктарын дем алышсыз иштетүү сунушталды

“Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пунктарын дем алышсыз иштетүү сунушталды

Кыргызстан Кытайга  “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пункттарын 24/7 иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.  Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолугушууда айтты.

Минкаб башчысы  “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнү мындан ары жогорулатуунун негизги фактору экенин белгиледи.

Ал  “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктунун 5-чакырымындагы Нура айылына баруучу жана 7,5-чакырымындагы “Торугарт” постуна баруучу жолду жакшыртуу боюнча оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароону дагы сунуштады.

Ли Цян  Жапаровдун “Эргечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгүн жогорулатуу сунушун колдоду. Ал “Бедел” жаңы өткөрмө пунктун куруу долбоорун тезтедүүгө чакырды.

2023-жылдын январь-июнь айында Кытайдан Кыргызстан инвестициянын көөлөмү 102 млн  долларды түздү.

Белгилей кетсек, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьеринин Кыргызстанга расмий сапары өтүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>