“Аялдарга түнү эмес, күндүз жүрүү дагы коркунучтуу”. Парламентте зомбулук маселеси көтөрүлдү

22.11.2023 | 10:24

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетине шаарларда видео камераларды көбөйтүп, коомдук тартипке көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн төрага Нурланбек Шакиев отурумдун башталышында билдирди.

Ал кыз-келиндерге карата күчөгөн зордук-зомбулук маселесине көңүл бөлдү.

“Министрлер кабинети чоң зарыл иш-чараларды алып барыш керек. Видео көзөмөл күчөтүлсүн. Кыздарга күндүз эмес, түнү жүрүү дагы коркунучтуу болуп калды”, – дейт ал.

Нурланбек Шакиев энелердин жаңы төрөлгөн баласынан баш тартуу фактыларына дагы көңүл бөлүп, олуттуу иштерди жүргүзүүгө чакырды.

“Милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, зарыл чаралар көрүлсүн”, – деп тапшырды ал.

Ноябрь айында үч аял жаңы төрөлгөн баласынан баш тартып, анын өмүрүнө коопсуздук жаратуу менен кооптуу жерге таштап кеткен. 8-ноябрь күнү  Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылган. Андан 10 күндөн кийин Жалал-Абад шаарында таштанды челектин жанында жаткан бөбөк ооруканага жеткирилди. 19-ноябрь түнү Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин короосунан целлофан баштыкка оролуп, коробкага салынган бала аныкталган. 

Ымыркайлардын экөөсү — уул, бирөөсү — кыз, абалы жакшы. Үчөөң тең энеси аныкталып, 18-21-жаштагы кыздар кармалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top