12-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуБишкекте UmutDoc фестивалы өтүүдө: 30дан ашык тасма жана чеберчилик сабактарыЭгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстү
Бишкекте өткөн кинофестивалда өзбек тасмасы баш байгеге ээ болду
22.11.2023 | 10:08
Бишкек эл аралык кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Улуттук сынакта режиссерлор- Дастан Жапар Уулу менен Бакыт Мукулдун “Акыркы көч” киносу “Мыкты тасма” деп аталып, 500 миң сом байгени алды.
Айбек Дайырбеков “Эрмен жыты” эмгеги менен “Мыкты режиссер” болсо, ”Мыкты актер” сыйлыгы Артык Сүйүндүковго ыйгарылды.
Өзбек режиссер Шокир Холиковдун “Жекшемби” киносу фестивалдын алкагындагы эл аралык сынактын баш байгесин утту. Ага 500 миң сом тапшырылды.
Ал эми калыстар тобунун байгеси казакстандык режиссер Кенжебек Шайкаковдун “Айгай” тасмасына ыйгарылды. Ага 300 миң сом берилди.
Аталган фестиваль Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына арналып, 17-21-ноябрь күндөрү өттү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом