“Аялдарга түнү эмес, күндүз жүрүү дагы коркунучтуу”. Парламентте зомбулук маселеси көтөрүлдү

“Аялдарга түнү эмес, күндүз жүрүү дагы коркунучтуу”. Парламентте зомбулук маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетине шаарларда видео камераларды көбөйтүп, коомдук тартипке көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн төрага Нурланбек Шакиев отурумдун башталышында билдирди.

Ал кыз-келиндерге карата күчөгөн зордук-зомбулук маселесине көңүл бөлдү.

“Министрлер кабинети чоң зарыл иш-чараларды алып барыш керек. Видео көзөмөл күчөтүлсүн. Кыздарга күндүз эмес, түнү жүрүү дагы коркунучтуу болуп калды”, — дейт ал.

Нурланбек Шакиев энелердин жаңы төрөлгөн баласынан баш тартуу фактыларына дагы көңүл бөлүп, олуттуу иштерди жүргүзүүгө чакырды.

“Милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, зарыл чаралар көрүлсүн”, — деп тапшырды ал.

Ноябрь айында үч аял жаңы төрөлгөн баласынан баш тартып, анын өмүрүнө коопсуздук жаратуу менен кооптуу жерге таштап кеткен. 8-ноябрь күнү  Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылган. Андан 10 күндөн кийин Жалал-Абад шаарында таштанды челектин жанында жаткан бөбөк ооруканага жеткирилди. 19-ноябрь түнү Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин короосунан целлофан баштыкка оролуп, коробкага салынган бала аныкталган. 

Ымыркайлардын экөөсү — уул, бирөөсү — кыз, абалы жакшы. Үчөөң тең энеси аныкталып, 18-21-жаштагы кыздар кармалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>