Министрлик: Кыргызстанда тогуз айда 23 эне өлүмү катталды

2026-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 23 эне өлүмү катталды. Алар кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилдерде болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул мезгил аралыгында энелердин өлүмү 100 миң тирүү төрөлгөн балага карата 22,1 учурду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,4%га кыскарган.
Министрлик оң динамикага карабастан, энелердин өлүмүнүн ар бир учуру анын себептерин жана жагдайларын тыкыр талдоону талап кыларын билдирди.
Учурда бул жаатта артыкчылыктуу багыттардын бири үй-бүлөнү пландоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат. Буга байланыштуу мамлекет тарабынан үй-бүлөнү пландоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында контрацепция каражаттарын сатып алууга 12,5 миллион сом бөлүү каралган. Бул каражаттар социалдык жактан аялуу топтордогу аялдарга берилет. Ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында айрым контрацепция каражаттарын жеңилдетилген баада алуу шарттары киргизилген.
Мындан тышкары, мурда камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси акысыз бериле баштаган маалымдалды. Бул аларга медициналык кызматтарды колдонууга жана дары-дармектерди жеңилдетилген баада алууга мүмкүндүк берет.