Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке кирет

23.10.2026 | 18:18
Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке кирет — Новости Кыргызстана

Нарын облусунда алгачкы ирет кан тамыр ооруларын аныктай турган ангиограф аппараты ишке киргизилет. Бүгүн, 23-октябрда, президенттин облустагы өкүлү медициналык жабдуу орнотулган жайдын даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган аппарат кан тамырлардын тарышын, бүтөлүшүн, аневризмаларды аныктоого арналган. Аны колдонууга берүү облус тургундарынын ооруларын өз убагында аныктоого жана бейтаптардын башка аймактарга барып дарылануусун азайтууга шарт түзөт.

Маалымат үчүн: ангиограф — бул кан тамырларды жана жүрөктүн көңдөйлөрүн реалдуу убакыт режиминде так изилдөөгө, ошондой эле аз инвазивдүү операцияларды жасоого арналган жогорку технологиялык рентгенологиялык медициналык комплекс.
Scroll to Top