«Айтматовду» бүт өлкө күтүүдө. Байопиктин режиссёру Каныбек Калматов менен маек

Жаш режиссёр Каныбек Калматов көрүүчүлөргө тарыхый эс тутум, эне тилди сактоо жана муундардын байланышы жөнүндө баяндаган «Айтматов» көркөм тасмасын тартуулоого камынууда. Ал Reporter.kg басылмасына берген маегинде эмне үчүн басымды «Кылым карытар бир күн» романына жасаганын, орусиялык актёрлор менен кандай иштешкенин жана жасалма интеллектти эмне себептен колдонгонун айтып берди.
— Эртеби-кечпи мындай масштабдагы инсан тууралуу кимдир бирөө тасма тартышы керек эле. Бул тарыхты дал сиз баяндап беришиңиз керектигин кайсы учурда түшүндүңүз?
— Тасма тартуу идеясы мага 2024-жылы келген. Чыңгыз Айтматов — ысымы бүт дүйнөгө белгилүү, ал эми чыгармалары ар кайсы муундагы окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапкан залкар инсан.
Долбоордун өзөгүндө менин жазуучунун чыгармачылыгына болгон жеке сүйүүм жана фильмдин негизги темаларынын бири — эс тутум (тарыхый эс) темасы жатат. Кинематографист катары мага анын өмүр жолун чоң экранга алып чыгуу абдан кызык болду.
— Эмне үчүн тасманын борбордук бөлүгүн дал «Кылым карытар бир күн» романы ээледи? Анткени Айтматовдун бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек башка чыгармалары аз эмес да.
— «Кылым карытар бир күн» романы — бул эс тутум темасынын туу чокусу, ошондуктан ал биздин картинанын концепциясына толук шайкеш келди. Албетте, биз сюжетке жазуучунун башка чыгармаларына да шилтемелерди коштук, бирок дал ушул роман фильмдин маанилик пайдубалы болуп берди.
Айтматов эс тутум тууралуу жөн гана жазбастан, бул теманы өз жашоосунан өткөргөн. Биздин фильмдеги анын каарманы сыяктуу эле.

— Эмне үчүн тасманын алгачкы көрсөтүүлөрүнүн бирин дал мугалимдер үчүн уюштурууну чечтиңиздер?
— Ар бир күчтүү инсандын артында мугалим турат дегенге терең ишенем. Мектептеги он эки жыл бою педагогдор бизге билим берип гана тим болбостон, инсан катары калыптанышыбызга да салым кошушат.
Бул көрсөтүү мугалимдерге болгон терең таазим жана алар үчүн чыныгы майрам болду. Мындан тышкары, алар маанилүү социалдык мааниге ээ болгон бул тасмадан алган таасирлери менен өз окуучуларына бөлүшсө дедик.
— Фильмде эмнени жакшыраак кылса болмок деген суроонун жообун режиссёр өзү гана билсе керек. Көрүүчүлөр сонун музыкалык коштоону жана сапаттуу кадрларды белгилеп жатышат. Ал эми сиз өзүңүз эмнеге нааразы болдуңуз?
— Бул тууралуу айтуу азырынча эрте — биз болгону эки-үч жабык көрсөтүү гана өткөрдүк. Бирок мен режиссёр катары көптөгөн кемчиликтерди көрүп жатам, анткени кемчиликсиздикке чек жок. Бюджет болобу, актёрдук оюн же мизансценаларды коюу болобу, ар дайым умтула турган жактары болот. Кандай болгон күндө да акыркы сөздү көрүүчү айтат.

— Сиздин картинаңызда белгилүү орусиялык актёрлор тартылды. Алар менен иштешүү кандай болду? Алардын ишке болгон мамилеси жана актёрдук мектеби сиз кыргыз киноиндустриясында көнүп калган нерселерден айырмаланабы?
— Баарынан мурда биздин кыргыз артисттерине чоң ыраазычылык билдиргим келет — алар менен иштешүү мен үчүн эң сонун тажрыйба болду.
Ал эми орусиялык актёрлорго келсек, алар өз ишинин чыныгы адистери. Бул Криштиану Роналдуга топту кантип тебүү керектигин үйрөткөндөй эле кеп. Мисалы, Сергей Витальевич Безруковго кандай ойноо керектигин түшүндүрүүнүн кереги жок: багыт берип койсоң эле, баарын жарым сөздөн илип алат.
Алар чоң чеберлер гана эмес, чоң тамга менен жазыла турган адамдар. Мен алар үчүн адамгерчилик баарынан жогору турарын көрдүм.

— Бул актёрлордун артында ондогон долбоорлор бар. Алардын тажрыйбасы жана кеңештери сахнага жаңыча көз караш менен кароого жардам берген учурлар болдубу?
— Жүз пайыз. Мисалы, бир эпизодду тартуу учурунда Сергей Безруков сахнанын башталышын өзгөртүүнү өзү сунуштады. Элде айтылгандай, тажрыйба менен талантты жок кыла албайсың (жылмайып). Анын сунушу чындыгында ошол сахнаны кыйла утуштуу кылды, мен аны кубануу менен кабыл алдым.
— Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү менен кызматташуу кандай өттү? Тасма үчүн материалдарды чогултууга кимдер жардам берди?
— Биз өзгөчө укуктардын ээси — Эльдар Айтматов менен укуктарды өткөрүп берүү боюнча расмий келишим түздүк.
Ошону менен катар эле чоң изилдөө иштерин жүргүздүк: жазуучунун жакындары, туугандары, достору жана аксакалдар менен баарлаштык. Бул бизге тарыхка тереңирээк сүңгүүгө жардам берген комплекстүү изилдөө болду.

— Сиз бир нече жабык көрсөтүү өткөрдүңүз. Көрүүчүлөрдүн кайсы пикири эсиңизде өзгөчө сакталып калды?
— Таласта мага бир киши келип, чоң атасы Айтматов менен жолукканын дайыма сыймыктануу менен эскерип жүргөнүн айтып берди. Ал жазуучунун колун бир нече жолу кысып учурашып, ошол көз ирмемди унутпоо үчүн колун колдон келишинче көпкө коё бербей кармап турган экен.
Анан ал киши мага: «Мен да сиздин колуңузду кармап, колуңузду кыскым келип турат», — деди.
Жаш курагыңда мындай баа алуу — абдан таасирдүү жана күтүүсүз болду. Мындай учурларда эң негизгиси — жерди бекем басып, «учуп кетпөө».
— Тасманын башында советтик цензура Айтматовдун чыгармаларынын басылып чыгышына кантип тоскоолдук кылганы көрсөтүлгөн. Ал эми бүгүн, картина «Кыргызтасмасынан» прокатка чыгаруу күбөлүгүн алуу жол-жобосунан өтүп жатканда, тасманын мазмунуна таасир этүү же сюжетти өзгөртүү аракети болгон жокпу?
— Жок, эч кандай андай болгон жок. Бул мамлекеттик эмес, жеке, көз карандысыз долбоор. «Кыргызтасмасы» мамлекеттик ишканасы, тескерисинче, бизди колдоп берди. Эч кандай тыюу салуулар же чектөөлөр болгон жок.

— Айрым эпизоддордо, мисалы, эски советтик Шереметьево аэропортун кайра чагылдырууда нейротармактар колдонулганы байкалат. Сиздер чын эле жасалма интеллекттин жардамына кайрылдыңыздарбы?
— Ооба, биз жасалма интеллектти колдондук, бирок абдан так жана чеги менен — түзмө-түз бир-эки кадрда гана. Ал жылдардагы Шереметьево аэропортунун тарыхый көрүнүшүн реалдуу жашоодо кайра жаратуу өтө татаал эле.
Генеративдик технологиялар чыгымдарды азайтууга жана ошол эле учурда доордун атмосферасын так чагылдырууга жардам берди.

Reporter.kg’нин маалымкаты: 15-октябрдан тарта «Айтматов» тасмасы Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. 4-ноябрда картина Орусияда, ал эми 12-ноябрда Казакстанда тартууланат.
Бишкектеги алгачкы жабык көрсөтүү 12-октябрда өтүп, мугалимдер үчүн уюштурулган. Дал ошондо көрүүчүлөр башкы ролду ким аткарганын биринчи жолу билишкен: Чыңгыз Айтматовдун образын КР эл артисти Болот Тентимышов жараткан.
Тасмада ошондой эле жазуучунун апасы Нагиманын ролун ойногон Арина Исакова, Марат Амираев, Борис Пастернактын ролун жараткан Сергей Безруков жана башка белгилүү актёрлор тартылган.
Яна Крайнюкова