Кыргызстанда бир жумада КРВИ жана сасык тумоо менен 5,5 миңден ашык адам ооруду: бейтаптардын 75%ы — балдарБишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөт
Айыл чарба министрлиги: Кытайга продукция экспорттоого кызыкдар тараптарга колдоо көрсөтүлөт
28.11.2025 | 14:51
Айыл чарба министрлиги Кытайдын базарларына чыгууга кызыкдар болгон ата мекендик айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө жана экспорттоочуларга кайрылуу жасады.
Кыргызстан Кытайга 32ден ашык түрдөгү айыл чарба продукцияларын экспорттоого укуктуу. Алардын катарында: бал, сүт азыктары (быштак жана кургак сүт), буурчак, алча, коон, жаңгак, жүн, балык продукциясы (анын ичинде форель) жана башка уруксат берилген товарлар бар.
Министрлик өндүрүүчүлөргө ата мекендик продукциянын экспорттоо боюнча колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бул үчүн өндүрүүчүлөр жана экспортчулар Министрликтин Эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестициялар башкармалыгына кайрылса болот.
Башкармалык төмөнкү багыттар боюнча колдоо көрсөтөт:
- кытай тараптын учурдагы талаптары жана регламенттери боюнча маалымат берүү;
- экспорттоо учурунда макулдашуу жана маалымдоо процедураларын коштоп жүрүү;
- продукцияны КЭРге киргизүү боюнча компетенттүү органдар менен өз ара аракеттенүү;
- документтерди даярдоо жана экспорттук партияларды түзүү боюнча кеңеш берүү.