Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталдыДин, тил жана биримдик: Кыргызстанда 2030-жылга чейинки жаңы улуттук программа сунушталууда
Манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт
15.10.2026 | 17:23

29-октябрда Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда. Эскерүү кечеси манасчынын өмүр жолун жана мурасын таанытуу, ошондой эле маданий баалуулуктарды сактоо жана өткөрүп берүүгө багытталган.
Кече саат 11:00дө башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият
Теги: манасчы