Ажы башчылыкка талапкерлер тест тапшырышты (жыйынтык)

Ажы башчылыкка талапкерлер тест тапшырышты (жыйынтык)

Бүгүн, 27-мартта «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде болочок ажы башчылар ажылыктын жол-жобосу, шарттары жана эрежеси боюнча тест тапшырышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, тесттик сынактын алкагында ар бир талапкерге 50 суроо берилди. Тесттен 70 баллдан жогору алган ажы башчылар эртең, 28-март күнү саат 9:00 дө өтө турчу баарлашуу сынагына катышат. Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штаб (УРШ) баарлашуу этабына өткөн талапкерлер ичинен 134 ажы башчыны тандап алмакчы.

«Сынактан өткөн 134 ажы башчынын ар бирине 45 ажыдан турган бир топ бөлүнүп берилет. Андан соң ажылар ыйык Мекке жана Медина шаарларына учуп кеткенчекти документтерин ырасташып, сабактарды өтүп турушмакчы», – дейт КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Ал эми УРШ тестирлөө адилеттүү өткөнүн малымдады.

«Ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде сынак өткөрүүнү туура көрдүк. Ажы башчылыкка талапкерлерге интернетке жарыяланган суроолордун ичинен аралаштырылган, бири-бирине окшобогон суроолор келди. Ар биринин жыйынтыгы тест бүтөрү менен автоматтык түрдө өздөрүнө маалым болду. Тестте босого баллдан жогору алган талапкерлер аңгемелешүү этабына чакырылат. Эми баарлашууда талапкерлердин тажрыйбасы, билими, тил билгендиги, шык-жөндөмү, адеп-ахлагы, жүрүм-туруму, ажыларды алып барып келе алуу таланты ж.б. каралат. Ажылардын ажылыгы шарият талабындай болушу үчүн мүмкүн болушунча потенциалы жогору ажы башчыларды тандап алабыз», – деп билдирди УРШ төрагасы Самидин кары Атабаев.

Белгилей кетсек, бүгүнкү өткөн тестте 260 талапкер өз күчүн сынашты. Экинчи турга өткөндөрдүн ичинен 134 ажы башчы тандалып алынат. Ажы башчылыкка талапкерлер расмий дин кызматкерлеринен гана тандалат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ажылык-2023

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>