Алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин 60%дан ашыгы аткарылбайт

Кыргызстанда алимент өндүрүү боюнча иштердин 60%дан ашыгы аткарылбай, алардын 10%ында гана иш жүзүндө төлөмдөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңеште 2025-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча жылдык баяндамасын сунуштап жатып билдирди.
Анын айтымында, алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин аткарылбай жатышы системалуу көйгөйгө айланган. Бул маселе боюнча Акыйкатчы институтуна түшкөн кайрылуулардын саны бир жыл ичинде дээрлик эки эсеге өсүп, 2025-жылы 56га жеткен.
Жаманбаева негизги себептердин бири катары карызкорлордун расмий кирешелерин жана мүлкүн жашыруусун атады. Мындан тышкары, сот аткаруучуларынын ашыкча жүктөмү да абалды татаалдаштырууда.
Ошол эле учурда алимент төлөөдөн качкан жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу да жетиштүү натыйжа бербей келет.
Натыйжада соттун чечими боюнча материалдык жардам алууга укуктуу балдар зарыл каражатсыз калууда. Акыйкатчынын баамында, мындай жагдай алардын татыктуу жашоо деңгээлине болгон укугун түздөн-түз бузууда.
Жаманбаева ошондой эле Балдар иштери боюнча комиссиялардын ишинде олуттуу мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө балдарды негизсиз башка мектепке которуу, ата-энесинен ажыратуу жана жашы жете электерди коргоо боюнча жеке пландарды формалдуу гана аткаруу фактылары аныкталган.
Мындан тышкары, комиссиялардын жыйындары көп учурда белгиленген тартипти бузуу менен өткөрүлүп, кабыл алынган чечимдердин аткарылышы дээрлик көзөмөлдөнгөн эмес.
Акыйкатчы институту жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында Башкы прокуратурага чара көрүү актысы жөнөтүлгөн.
Андан кийин 61 текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 91 мыйзам бузуу аныкталган. 54 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылып, бир факты боюнча кылмыш иши козголгон.