Теректердин ордуна — клёндөр: Орунбеков Бишкектеги Айтматов проспектисин жашылдандыруу тууралуу айтты

16.10.2026 | 12:16
Теректердин ордуна — клёндөр: Орунбеков Бишкектеги Айтматов проспектисин жашылдандыруу тууралуу айтты — Новости Кыргызстана

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Бишкекте кыйылган теректердин ордуна Айтматов проспектисине тигилген кызыл клёндор кандай өсүп калганын көрсөттү. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Жумушка келе жатып, Айтматов проспектисине отургузулган клён бактары бир топ өсүп, айланага көрк берип калганын байкадым», — деп жазган Орунбеков.

Анын айтымында, мурда проспекттин боюнда 50 жылдан ашык убакыт мурун отургузулган бийик теректер өсүп турчу. Убакыттын өтүшү менен айрымдарынын уч жагы куурай баштаган, ошондой эле жолду кеңейтүү зарылчылыгынан улам аларды кыюу чечими кабыл алынган.

«Бир жагынан бактардын эскирип, куурай баштаганы, экинчи жагынан жолду кеңейтүү зарылчылыгы жаралгандыктан, аларды кыюуга туура келген. Албетте, шаарга көрк берип турган теректер кыйылганда баарыбыздын ичибиз ачышкан. Коомчулук тарабынан да катуу сын-пикирлер айтылган», — деп белгиледи ал.

Кыйылган теректердин ордуна кызыл клёндөр отургузулуп, аткаминердин айтымында, алар бүгүнкү күндө бир топ өсүп калды.

«Бирок алардын орду бош калган жок. Көп жылдык кызыл клён бактары отургузулган. Мына эми ошол көчөттөр кадимкидей бой жетип, көркүнө чыгып келе жатат», — деп жазган Орунбеков.

Ал ошондой эле клёндун айрым түрлөрү 150–200 жыл, ал эми айрымдары 300 жылга чейин жашай турганын кошумчалады.

«Интернеттен карасам, клён бактарынын айрым түрлөрү 150–200 жыл, айрым түрлөрү 300 жылга чейин жашайт экен. Демек, бүгүн биз тигип, өстүрүп жаткан бактар, буюрса, бизден кийин да далай муунга көлөкө болуп, шаарыбызга кылымдар бою көрк берип турат», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Клен дарагынын айрым түрлөрү 150–200 жыл, ал эми кээ бирлери 300 жылга чейин жашайт. Демек, бүгүн биз отургузуп, өстүрүп жаткан бак-дарактар, Кудай буюрса, бизден кийинки дагы нечендеген муундарды көлөкөсүнө калкалап, шаарыбызга кылымдар бою көрк берет.

Дайырбек Орунбеков

Вместо тополей — клены: Орунбеков об озеленении проспекта Айтматова в Бишкеке — Новости Кыргызстана

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси

Scroll to Top