Азимбек Бекназаров Кумтөр боюнча коомдук комиссия түздү

Азимбек Бекназаров Кумтөр боюнча коомдук комиссия түздү

Коомдук комиссияга төрага катары Азимбек Бекназаров шайланган. Ал эми Кумтөр жана башка кен байлыктар боюнча коомдук комиссия түзүлгөнүн аталган комиссиянын мүчөсү Айбек Мырза социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, Кумтѳр алтын кенинин айланасындагы болуп жаткан «талаштуу» маселелер боюнча ыктыярдуу түзүлгѳн бул Комиссиянын максаты, маселени ар тараптуу, кѳзкарандысыз иликтѳѳ, коомчулукка адилеттүү маалыматты берүү болуп эсептелет.

Ошондой эле коомдук комиссиянын курамын жарыялады:

  • Бекназаров Азимбек — коомдук — саясый ишмер, Коомдук Комиссиянын тѳрагасы;
  • Исабеков Кубанычбек — КР ЖК нын экс- вице¬- спикери, Кумтѳр алтын кени боюнча түзүлгѳн комиссиялардын мүчѳсү, (2006-2009-ж.ж.), Коомдук Комиссиянын тѳрагасынын орун басары;
  • Дырылдаев Рамазан — коомдук- саясый ишмер, 1993- ж. түзүлгѳн Парламенттик «Алтын» Комиссиянын мүчѳсү;
  • Абдирасулов Гани — экономист, 2012- ж. Кумтѳр боюнча түзүлгѳн Парламенттик Комиссиянын эксперти, Комиссиянын мүчѳсү;
  • Эркинбаев Данияр – юрист, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн аппараты, укуктук экспертиза бѳлүмүнүн жетекчиси (2018-2019ж.), Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Соттук ѳкүлчүлүк борборунун директору (2019-2020ж.) комиссиянын мүчѳсү;
  • Акматов Айданбек- журналист, кѳп жылдан бери Кумтѳр маселесин изилдѳѳчү, комиссиянын мүчѳсү;
  • Бузурманкулов Айбек — Талас Облусунун мурунку губернатору, «Жер Үй» элдик комиссиясынын мурунку тѳрагасы.

Алар президент баштаган бир катар өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдоду.

Конституцияда бекитилген (2-б.2-п. жана 37- б. 4- 5- б.б.) жарандардын маалымат алуу укуктарына ылайык, бүгүндѳн тартып биздин Кумтѳр алтын кени ж.б. кен байлыктарга байланыштуу иликтѳѳбүзгѳ тийиштүү расмий документтерди алуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрыларыбызды маалымдайбыз. Ага сиздерден ар тараптуу жардам берүүңүздѳрдү суранабыз!

Ошондой эле Кыргызстандын башка жарандарын бул маселеде ѳз ара кызматташууну каалаган жана жардам бергиси келген атуулдар үчүн ар дайым эшигибиз ачык экенин билдиребиз”-деп кайрылышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>