Министр Бейшеналиев «пара» делген акча тууралуу айтып берди (видео)

Министр Бейшеналиев «пара» делген акча тууралуу айтып берди (видео)

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн эч кандай күнөөсү жок экенин, тергөөдө бардыгын далилдеп берээрин журналисттерге билдирди.

Ушул тапта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралууда.

Ал сот залына кирип бара жатып “пара” делген акча каражаты билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилгенин айтты. Бирок, ал долбоордун атын атаган жок.

Ошондой эле эч кандай күнөөсү жоктугун, пара албагандыгын, бардык далилдерди тергөөдө көрсөтүп берээрин, тынчсызданууга себеп жок экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрдын кечинде пара алууга шектелип кармалган.  Анын кармалышы чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) талап кылуу ишине байланыштуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>