КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Азия чемпионаты: Бүгүн Медет кызы баштаган балбан кыздар күрөшөт
27.03.2025 | 10:00
Иорданияда күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда.
Бүгүн, 27-мартта мелдештин үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар башталып, 50, 55, 59, 68 жана 76 кг салмакта беттештер өтөт.
Кыргызстандык балбан кыздардан бүгүн төртөө – Арууке Кадырбек кызы (55 кг), Таңчолпон Кыбалбекова (59 кг), Гүлнура Таштанбекова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) килемге чыгат.
Белгилей кетсек, 25-мартта башталган күрөш боюнча Азия чемпионатына 30-мартта аяктайт. Мелдештин биринчи жана экинчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар болуп өттү.
Бул мелдешке барган кыргызстандык 10 грек-рим балбандын ичинен экөө медаль тагынды – Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) коло жана Раззак Бейшекеев (67 кг) күмүш утту.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт