Азия чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова күмүш байгеге ээ болду

Азия чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова күмүш байгеге ээ болду

Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Мээрим Жуманазарова финалда утулуп калды.

Кыргызстандыктар 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, анда жалпысынан 7 спортчу 2 тайпага бөлүнгөн.

Тайпалык баскычта кыргызстандык кыз алгач казакстандык спортчуну жеңсе, экинчи айлампада кореялык кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга жолдомо алган.

Жарым финалда Жуманазарова Монголиянын спортчусу менен беттешип, жеңишке жетти.

Финалда кыргызстандык кайрадан казакстандык Мадина Бакбергенова менен беттешип, аны биринчи раундда жеңген.

Жуманазарова 2:1 эсебинде алдыда келе жаткан, бирок беттештин бүтөөрүнө 25 секунд калганда атаандашынын чабуулун 2 упайга өткөрүп жиберди.

Бакбергенова Азия чемпиону аталса, Жуманазарова күмүш байгеге ээ болду.

68 кг чейин

1 тур

Мээрим Жуманазарова — Мадина Бакбергенова (Казакстан) — 5:0

2 тур

Суджин Парк (Корея) — Мээрим Жуманазарова — 10:0

жарым финал

Мээрим Жуманазарова — Энхсайхан Денгелмаа (Монголия) — 7:2

Финал

Мээрим Жуманазарова — Мадина Бакбергенова (Казакстан) — 2:3

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>