Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Бишкекте аял 140 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалды
10.09.2026 | 15:26

Бишкек шаарында жаранды 140 миң долларга алдап кеткен деп шектелип 44 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматында, жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, К.А. аттуу жаран июнь айында башка мамлекеттен товар алып келип сатууну убада кылып, андан 140 миң доллар алып, бирок милдеттенмесин аткарган эмес. Алган акчаны да кайтарып берген эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: алдамчылык, Бишкек