БРИКС өлкөлөрү Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты — негизгилери

БРИКС өлкөлөрү Индиянын борборунда өткөн бирикменин 18-саммитинде 2026-жылдагы Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты. Бул тууралуу Times of India басылмасы кабарлайт.
Көлөмү 45 беттен турган документ 140 пункттан турат. Анда бирикмеге мүчө өлкөлөрдүн эл аралык коопсуздук, чыр-чатактарды алдын алуу, дүйнөлүк соода, энергетика, глобалдык институттарды реформалоо жана башка маселелер боюнча позициялары камтылган.
«Бир дагы мүчө эч кандай каршы пикир билдирген жок. 2026-жылкы Нью-Дели декларациясы бир добуштан кабыл алынды», — деп билдирди Индиянын премьер-министри Нарендра Моди.
Декларация эки күндүк саммиттин биринчи күнүндө кабыл алынды.
Басылма жазгандай, биргелешкен билдирүүнүн алдында таңкы саат 04:00гө чейин созулган кызуу сүйлөшүүлөр жүргөн. 2026-жылы БРИКСке төрагалык кылып жаткан Индия Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатак маселелери боюнча БАЭ менен Ирандын ортосундагы келишпестиктерди жөнгө салууга катышты.
Буга чейин БРИКС өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу консенсуссуз (бир пикирге келбестен) аяктаган болчу.
Терроризмге каршы күрөш
БРИКС өлкөлөрү терроризмдин бардык түрлөрүн жана көрүнүштөрүн, анын ичинде террористтердин чек ара аркылуу өтүшүн, терроризмди каржылоону жана аларга башпаанек берүүнү кескин айыпташты. Декларацияда ошондой эле 2025-жылдын 22-апрелинде Жамму жана Кашмирде болгон теракт айыпталат.
Бирикменин катышуучулары терроризмди кайсы бир дин, улут, цивилизация же этникалык топ менен байланыштырбоо керектигин баса белгилешти. Ошондой эле алар терроризмге каршы күрөштө кош стандарттардан баш тартууга жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну камсыз кылууга чакырышты.
Чыр-чатактарды алдын алуу жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал
Декларацияда БРИКС өлкөлөрү эл аралык талаш-тартыштарды диалог, кеңешүүлөр жана дипломатия аркылуу чечүүгө берилгендигин ырасташты. Бирикменин катышуучулары ошондой эле чыр-чатактардын түпкү себептерин жоюу зарылдыгын билдиришти.
Газадагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулду. БРИКС ок атышууну токтотууну колдоого жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз киришин камсыздоого чакырды. Мамлекеттер палестиналыктарды күч менен көчүрүүгө каршы чыгышты жана 1967-жылга чейинки чек араларда көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү менен эки мамлекеттүү чечимди колдой турганын ырасташты.
Мыйзамсыз каржы агымдары, баңгизаттар жана курал-жарак
Саммиттин катышуучулары уюшкан кылмыштуулукка, баңгизат жана ок атуучу курал сатууга, адам сатууга жана терроризмди каржылоого байланышкан мыйзамсыз финансылык агымдарга тынчсыздануусун билдиришти.
БРИКС өлкөлөрү кылмыштуу кирешелерди аныктоо жана бөгөт коюу үчүн чек аралар аралык кызматташтыкты активдештирүүгө чакырышты.
Тарифтер жана санкциялар
Декларацияда ошондой эле бир тараптуу тарифтик жана тарифтик эмес чаралардын көбөйүшүнө тынчсыздануу билдирилген. Бирикменин катышуучуларынын пикиринде, мындай чектөөлөр дүйнөлүк соодага терс таасирин тийгизип, жеткирүү чынжырчаларын бузушу мүмкүн.
БРИКС Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) багытталган көп тараптуу соода системасын колдой турганын ырастап, ДСУнун талаштарды чечүүнүн толук кандуу иштеген эки деңгээлдүү механизмин калыбына келтирүүгө чакырды.
Мындан тышкары, катышуучулар эл аралык укукка каршы келген бир тараптуу экономикалык жана экинчи даражадагы санкцияларга каршы чыгышты. Декларацияда мындай чараларды жокко чыгаруу чакырыгы камтылган.
БРИКС ошондой эле Эфиопия менен Ирандын ДСУга кирүү өтүнүчтөрүн колдоду жана Кытайдын өзү дипломатиялык мамиледе болгон Африканын 53 өлкөсүнө нөлдүк тарифтик режимди жайылтуу чечимин белгилеп өттү.
Энергетикалык коопсуздук
Декларациянын дагы бир бөлүгү энергетикалык коопсуздукка арналган. Мамлекеттер энергия булактарын диверсификациялоону, туруктуу инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана энергетикалык рыноктордун туруктуулугун камсыздоону жакташты.
Ошол эле учурда БРИКСтин катышуучулары казылып алынуучу отун дүйнөлүк энергетикалык баланста, өзгөчө экономикасы калыптанып келе жаткан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн чоң роль ойноону улантарын моюнга алышты.
Декларацияда ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактарын, атомдук жана гидроэнергетиканы, суутекти, казылып алынуучу отунду жана аз көмүртектүү технологияларды камтыган энергетикалык өтүүгө технологиялык жактан бейтарап мамиле колдоого алынат.
Улуттук валюталар менен эсептешүүлөр
БРИКС өлкөлөрү улуттук артыкчылыктарын эске алуу менен, бирикмеге мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарын колдонуп чек аралар аралык төлөмдөрдү жана соода эсептешүүлөрүн андан ары өнүктүрүүнү колдошту.
Документте чек аралар аралык төлөм каналдарынын шайкештигин изилдөө, ошондой эле БРИКС өлкөлөрүнүн жергиликтүү валюталарын пайдалануу менен соода эсептешүүлөрүн жана инвестицияларды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча иштер белгиленген.
БУУнун реформасы
Саммиттин катышуучулары Бириккен Улуттар Уюмун, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону колдой турганын ырасташты. Реформанын максаты — эл аралык уюмдун демократиялуулугун жана өкүлчүлүктүүлүгүн арттыруу, ошондой эле өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун кеңейтүү.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары Кытай жана Орусия Бразилия менен Индиянын БУУда, анын ичинде анын Коопсуздук кеңешинде көбүрөөк маанилүү роль ойноо умтулуусун колдой тургандыктарын ырасташты.
Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
Декларацияда ошондой эле экономикалык өсүштө жана социалдык өзгөрүүлөрдө аялдардын ролу жөнүндө айтылат. БРИКС өлкөлөрү аялдардын мамлекеттик башкарууга, экономикалык турмушка, тынчтык орнотууга, ишкердикке жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Спорт тармагындагы кызматташтык
БРИКС спорттук натыйжаларды жогорулатууда, спортчулардын бакубаттуулугун камсыз кылууда жана инклюзивдүүлүктү өнүктүрүүдө технологиялардын өсүп жаткан ролун белгиледи.
Мамлекеттер өндүрүш, изилдөө жана инновациялар жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында спорттук товарларды чыгаруу боюнча БРИКС Конклавын өткөрүү сунушун колдошту. Ошондой эле спорттук технологиялар боюнча атайын жумушчу топту түзүү маселесин талкуулоону улантуу сунушталды.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди саммиттин жүрүшүндө глобалдык башкаруу системасын реформалоого чакырып, БРИКС реформаларынын жол картасынын негизин түзө турган 10 чараны сунуштады.
Ал эл аралык чечимдерди кабыл алууда Глобалдык Түштүктүн кеңири өкүлчүлүгүн жактап, азыркы системаны «өнөктөштүк платформасына» айлантуу зарыл болгон «артыкчылыктар пирамидасы» деп атады.
Индия 2026-жылы БРИКСке «Туруктуулук, инновациялар, кызматташтык жана туруктуу өнүгүү үчүн куруу» деген ураан астында төрагалык кылууда.