Кыргызстанда 1,3 миллион тоннадан ашык дан жыйналды — былтыркыдан 190 миң тоннага көп

10.09.2026 | 11:00
В Кыргызстане собрано более 1,3 млн тонн зерна — на 190 тыс. тонн больше — Новости Кыргызстана

Быйыл республика боюнча негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн ашып, оруп-жыюу иштери белгиленген графикке ылайык уланууда.

Дан өсүмдүктөрү боюнча республикада 467,5 миң гектар аянт жыйналды — бул пландалган аянттын 75,6%ын түзөт. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерди түзүп, өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 2,8 центнерге жогору болду. Жалпы түшүм 1 млн 376,6 миң тоннага жетип, бир жыл мурункуга салыштырмалуу 189,7 миң тоннага көп жыйналды.

Анын ичинен буудай 237,7 миң гектар аянттан оруп-жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 30,1 центнерди түздү, ал эми дүң түшүмү 761,3 миң тонна болду. Арпа 212,6 миң гектар аянттан жыйналып, түшүмдүүлүгү 25,1 ц/га жетип, жалпы жыйым 574,5 миң тоннаны түздү.

Жашылча жана картошка жыйноо иштери да кызуу жүрүүдө. Республика боюнча 30,7 миң гектар аянттан жашылча жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 173 ц/га түздү жана жалпы 444,1 миң тонна түшүм алынды. Картошка 22,8 миң гектардан казылып, орточо 162 ц/га түшүмдүүлүк менен 276,5 миң тонна жыйналды — бул былтыркыга караганда 10 ц/га көп.

Облустар арасында Чүй облусу алдыда келе жатат — ал жакта 223,1 миң гектар дан өсүмдүгү жыйналып, жалпы түшүм 696 миң тоннаны түздү. Ош облусунда 211,4 миң тонна, Жалал-Абад облусунда 141,6 миң тонна дан алынды. Баткен, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында да оруп-жыюу иштери бекитилген графиктин негизинде уланууда.

Scroll to Top