Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Азия оюндары: Махмудовдун атаандаштары жана кайсы күнү күрөшөрү белгилүү болду
29.09.2023 | 10:00
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун атаандаштары белгилүү болду. Балбандардын тизмесин Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялады.
Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча таймаштар 4-7-октябрда болуп өтөт. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер олимпиадалак салмак категориясы боюнча өткөрүлөт: грек-рим күрөшү – 60, 67, 77, 87, 97, 130 кг, эркин күрөш – 57, 65, 74, 86, 96, 125 кг жана кыз-келиндер күрөшү – 50, 53, 57, 62, 68, 76 кг.
Махмудов күрөшкөн 77 кг салмакта жалпы 12 спортчу күч сынашат. Акжол Махмудов 4-октябрда килем үстүнө чыгат. Азырынча ал биринчи беттешинде ким менен күрөшө турган белгилүү боло элек.
77 кг салмактагы балбандар:
- Сопхак Кео (Камбожа)
- Руй Лю (Кытай)
- Викас (Индия)
- Андика Сулаеман (Индонезия)
- Амин Кавиянинежад (Иран)
- Кодай Сакураба (Япония)
- Азат Садыков (Казакстан)
- Акжол Махмудов (Кыргызстан)
- Бахит Бадр (Катар)
- Хёну Ким (Түндүк Корея)
- Висит Тамвират (Таиланд)
- Дилшод Омонгелдиев (Өзбекстан)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз