Бишкекте мугалим алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте мугалим алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте мугалим алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл июль айында өзүн унааларга кызыккан адам катары тааныштырган бир жаран ишенимине кирип, 20 миң долларлык Kia Sportage унаасын алып, акчасын кыска убакттын ичинде берерин убадалаган. Бирок ал унааны башка бир адамдарга сатып жиберген (айрым маалыматтар боюнча 16 миң долларга).

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары мурда окуу жайда окутуучу болуп иштеген, мугалимдик кесипти аркалаган Б.Б. аттуу жаранды кармаган. Соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп, шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0700 171 732 же 0555 011 717 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>