Дүйнө чемпионаты: Исмаилов коло үчүн беттеште жеңилди (видео)

Дүйнө чемпионаты: Исмаилов коло үчүн беттеште жеңилди (видео)

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов (67 кг) Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло байге үчүн беттеште жеңилүү ызасын тартты. Эми ал 67 кг салмак боюнча Олимпиада оюндарынын бешинчи жолдомосу үчүн беттеш өткөрөт.

Исмалиов 23-сентябрда килем үстүнө чыгып, таймашты 1/16 финалдан баштаган. Ал катары менен литвалык, франциялык жана грузиялык атаандаштарын 10:0, 8:0 жана 10:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Бирок жарым финалда кубалык Луис Альберто Орта Санческе 1:9 эсебинде жеңилип, коло үчүн күрөшө турган болгон.

Бүгүн, 24-сентябрда коло үчүн беттеште ал сербиялык Мате Немеш менен күч сынашты. Кармаш 3:3 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упай сербиялыкта болгондуктан, жеңиш ага берилди.

Эми Исмаилов дагы бир коло үчүн беттеште жеңилген балбан менен өз салмак категориясындагы Олимпиаданын бешинчи лицензиясы үчүн кармаш өткөрөт.

Эскерте кетсек, Сербиядагы дүйнө биринчилиги лицензиялык болгондуктан, бул мелдеште 5 мыкты балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: 1, 2-орунду алгандар жана коло байгеге татыган 2 балбан жолдомо алат. Ошондой эле, коло үчүн таймашта утулган эки балбан бешинчи лицензия үчүн өзүнчө беттеш өткөрөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>