Кыргызстан Европа Кеңешинин № 108 Конвенциясынын Комитетинде байкоочу болдуУКМК тыюу салынган «Иеговист-Ильинчилер» диний сектасынын мүчөлөрүн кармадыБишкекте «Борбор Азиянын чийим таштарына саякат» мультимедиялык көргөзмөсү ачылатЖогорку Соттун Пленуму беш маселе боюнча токтомдордун долбоорлорун кабыл алдыКыргызстанда ГМОну алып кирүүгө жана жүгүртүүгө көзөмөлдү күчөтүү сунушталуудаМаданият министринин биринчи орун басары болуп Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалды
Азия оюндары: Кыргыз мушкер биринчи атаандашын нокаут менен жеңди
25.09.2023 | 09:00
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында бокс боюнча мелдеште кыргызстандык мушкер Аскат Култаев 1/8 финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Бокс боюнча мелдеш 24-сентябрь күнү башталып, 63 кг салмакта беттешке чыккан Аскат Култаев 1/16 финалда Сауд Арабиянын мушкери менен кез келген. Беттештин экинчи айлампасында ал атаандашын нокаут менен жеңип алган.
Кыргызстандык мушкердин кийинки беттеши 27-сентябрь күнү өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз