Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
Азия оюндары: Кыргызстандык боксчу чейрек финалга чыкты
27.09.2023 | 15:18
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык боксчу Аскат Култаев чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Бокс боюнча мелдеш 24-сентябрь күнү башталып, 63 кг салмакта беттешке чыккан Аскат Култаев 1/16 финалда Сауд Арабиянын мушкери менен кез келген. Беттештин экинчи айлампасында ал атаандашын нокаут менен жеңип алган.
Бүгүн, 27-сентябрда өткөн 1/8 финалда ал индиялык мушкерди жеңип, чейрек финалда беттеше турган болгон.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз