Жүк ташуучу унаа электр линиясын үзүп кеткен: Бишкекте жарык эмнеге өчкөнү айтылды

06.06.2026 | 17:32
Аба чубалгылары жана лампочка

Бүгүн, 6-июнда, Бишкек шаарында «Хово» жүк ташуучу унаасы 110 кВ «Парковая» – «Ала-Арча» багытындагы электр линиясынын 23- жана 24-тирөөчтөрүнүн ортосундагы аба чубалгысын үзүп кетип, шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Ал эми Бишкек мэриясы саат 15:40та шаардык линиялардагы автоматтык коргоо системасы иштеп кеткендиктен, Бишкек ЖЭБинде (ТЭЦ) жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгуу убактылуу токтотулганын билдирди.

Учурда борбор калаада жарык берүү кайрадан жанданууда. Мэрия саат 17:00гө карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында ЖЭБдин жабдууларынан бузулуулар аныкталбаганын билдирди. Учурда ишканада штаттык режимди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Ошондой эле энергетиктер үзүлгөн линияны калыбына келтирүүдө.

Энергетика министрлиги курулуш компанияларын электр тармактарынын жанындагы корук зоналарынын талаптарын сактоого чакырды.

Теги: Бишкек
Scroll to Top