Кыргызстан менен Беларусь үрөнчүлүк жана мал чарбачылыгы боюнча макулдашууларга кол коюшту

5-июнда Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн тармактык айыл чарба министрликтери эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюшту. Макулдашуулар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана заманбап агротехнологияларды киргизүүгө багытталган.
Үрөнчүлүк жаатындагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум негизги документ болуп калды. Ал селекция, сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо чөйрөсүндөгү өнөктөштүктү карайт. Ошондой эле тараптар азык-түлүк соодасын кеңейтүү, ветеринария жана асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча келишимдерди бекиткен биргелешкен подкомиссиянын биринчи жыйынынын Протоколуна кол коюшту.
КР Айыл чарба министрлигинен эки тараптуу өнөктөштүктү чыңдоодо маанилүү кадам ташталганын баса белгилешти. Макулдашууларды ишке ашыруу эки мамлекеттин тең агроөнөр жай комплекстерин заманбапташтырууга, алардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө мүмкүндүк берет.