Сергей Волков: КРСУнун азыркы окуу корпустары мектептер жана колледждер үчүн пайдаланылатДепозиттер, кепилдиктер жана тобокелдиктер: аманатчылар эмнени билиши керек?Кыргызстанда авиакомпаниялар үчүн овербукингге тыюу салындыЖаза катаалдашкандан кийинки бир ай ичинде 1,5 миңден ашык мас айдоочу аныкталдыЭнергетика министрлиги: Кыргызстандын энергосистемасы штаттык режимде иштеп жататКыргызстанда ЖОЖдорго документтерди кабыл алуунун үчүнчү этабы башталды
Жарандар 775,6 млн сом акчасын турак-жай кооперативдерине алдатып, анын 5,2 млн сому өндүрүлгөн
27.09.2023 | 14:48
Турак-жай кооперативдеринен зыян тарткан адамдардын саны 1000ден ашат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 27-сентябрдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, жалпы 12 турак-жай кооперативине карата 954 кылмыш иши тергөөгө алынган. Алардын ичинен 250 иш былтыркыдан калган жана 704 кылмыш иш быйыл козголгон. Азыркы тапта жалпы 604 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. 158 иш кыскартылган.
Жарандар турак-жай кооперативдерине 692 млн 348,5 миң сом жана 938,8 миң доллар (жалпы 775 млн 629 миң сомдон ашык) акчасын алдатып жиберген. Алардын ичинен алданган жарандарга 5,2 млн сомдон ашык акча өндүрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз