Азия оюндары: ММА боюнча эки кыргызстандык спортчу коло медаль утуп, бирөө финалга чыкты

21.09.2026 | 10:15
Азия оюндары: ММА боюнча эки кыргызстандык спортчу коло медаль утуп, бирөө финалга чыкты — Новости Кыргызстана

Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү эки коло байгеге ээ болуп, бир спортчу финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Дастан Каныбек уулу коло медаль тагынды. Ал алгачкы беттешинде жапониялык Кожиро Накашиманы 3:0, чейрек финалда ирандык Чаедифар Аминди 3:0 эсебинде жеңген. 21-сентябрда өткөн жарым финалдык беттеште өзбекстандык Фирдавс Атамуратовго 2:0 эсебинде утулуп, үчүнчү орунду ээледи.

Азия оюндары: ММА боюнча эки кыргызстандык спортчу коло медаль утуп, бирөө финалга чыкты — Новости Кыргызстана

Сыймык Жаныбек уулу да мелдешти коло медаль менен аяктады. Ал чейрек финалда иорданиялык Раад Алнажжарды 3:0 эсебинде уткан. Жарым финалда бахрейндик Мухаммад Набиевге 3:0 эсебинде жеңилип, коло байгенин ээси болду.

Азия оюндары: ММА боюнча эки кыргызстандык спортчу коло медаль утуп, бирөө финалга чыкты — иллюстрация

Ал эми Ырыскелди Дүйшеев финалдык баскычка өттү. Ал чейрек финалда палестиналык Сами Аккавени 3:0, жарым финалдык таймашта тажикстандык Бехруз Хуршедшоданы 3:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Scroll to Top