Фармацевтер каттоодөн өтпөгөн дарылардын сатылышына кабатыр

Фармацевтер каттоодөн өтпөгөн дарылардын сатылышына кабатыр

Социалдык тармак аркылуу Кыргызстанда катталбаган дары-дармектер жана жабдуулар сатылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» жана «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угууда фармацевтер бирикмесинин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк тенденцияга ылайык Кыргызстанда дагы дары-дармектин тартыштыгы байкалууда.

“Бир убакта дары алып келүүгө акча жок болсо, азыр акча болгону менен сатып алууга товар жок. Бир эле телеграм каналда бир күндө жок дегенде миңге жакын дары издеген билдирүү жазылат. Ошол эле учурда өлкөдөн катталбаган медикаменттерди сатып жатышат”, — дейт Эрнис Асанов.

Ал дары-дармектерди улуттук каттоонуу калтырууну сунуштап, ар бир мамлекет өз коопсуздугун камсыздашы керектигин айтты.

“Мамлекеттик каттоо азайса, кара базар кеңейет. Ай сайын улуттук реестрде каттоодон турган дарылардын саны азаюуда. Анткени эми ЕАЭСке катталыш керек. Ал процедура кымбат жана кыйын. 2020-жылдагылай эпидемия чыкса, өлкөлөр чек арасын жаап салат. Мына Россия дары-дармектерди сыртка чыгарбай койду эле, эми кайра 20-100 аталыштагы медикаменттерди бизден алып жатат”. – дейт биримдиктин жетекчиси.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маалыматында, өлкөдө 34 завод дарылардын 700 түрүн чыгарат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>