Бишкекте психотроптук заттарды саткан фармацевт кармалды

Бишкекте психотроптук заттарды саткан фармацевт кармалды

Бишкек ШИИБдин өздүк курамы Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин өкүлдөрү менен биргеликте «Рефлекс» аталышында профилактикалык түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүштү.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери тарабынан 30дан ашык дарыканалардын жетекчилери жана фармацевттери менен сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүү психотроптук заттарды камтыган дары-дармектерди дарыгердин рецепти жок сатууга жана алардын рецептисиз жашы жете электерге сатууга жол бербөө максатында жүргүзүлдү.

Ош базарынын аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Н” аттуу жаран ыктыярдуу түрдө дарыканалардын биринен 580 сомго дарыгердин рецепти жок «Лирика» жана «Тропикамид» аттуу психотроптук заттарды саткан. Андан соң милиция кызматкерлери фармацевттин өздүгүн документтештирип алышкан. Ал 1991-жылы туулган Э.А. экендиги аныкталган. Кылмыш-процессуалдык кодексинин чегинде чечим чыгаруу үчүн Ленин РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

Бул факт Ленин РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>