Азык-түлүк коопсуздугу. Заманбап типтеги кампалар курулат

Азык-түлүк коопсуздугу. Заманбап типтеги кампалар курулат

Материалдык резерв фонду өзүнүн тапкан каражатын заманбап типтеги кампаларды курууга жумшоодо. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажибеков бүгүн фондго жаңы унааларды тапшыруу учурунда билдирди.

Аткаминердин айтымында, кампа өлкөнүн республиканын түштүгүндө курулат. Азыр жер тилкелери бөлүнүп, курулуш ишин баштоо алдында турушат.

Ал эми өлкөнүн түндүгүндө фонддун базасынын аймагына жергиликтүү калкты ун менен камсыз кыла турган заманбап тегирмен комплексин куруу пландаштырылууда. Ошондой эле азык-түлүктөрдүн сапаттуу сакталышын камсыздаш үчүн учурдагы кампалар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду өз акчасына 3 портер, 3 спринтер, 5 жүк ташуучу электр унаа сатып алды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>