Баткенде аткезчилик жолу менен Тажикстанга ташылган дары-дармек алынды

Баткенде аткезчилик жолу менен Тажикстанга ташылган дары-дармек алынды

Лейлек районунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Худжанд-Жаштык-Канибадам” унаа жолунда жайгашкан “Кыргызстан” соода түйүнүнүн кампасынан аткезчилик товарлары табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, 16 миң куту медициналык буюмдар, 19 тонна кумшекер, 9 тонна тоок эти, ошондой эле 18 миңден ашык алкоголдук жана энергетикалык суусундуктардын бөтөлкөлөрү сакталган.

Кампадан коштоочу документтери жок бир топ көлөмдөгү эл керектөөчү товарлар жана медициналык препараттар табылып алынды.

УКМК мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик жана дары-дармектерди мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын май айында Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын жапкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>