Тоолуу аймактарда кар жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Тоолуу аймактарда кар жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 28-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланышы мүмкүн. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалымдашты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градус, Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14 жана Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте эртең жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус, күндүз 20…22 градус болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>