Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Азыркы тапта канча даяр ИВЛ аппараты жана кычкылтек концентратору бар?
29.09.2020 | 13:48
Азыркы күндө, 568 ИВЛ аппараты жана 8328 кычкылтек аппараты бар. Каржы министрлиги менен биргелешип, борборлоштурулган суюк кислородду киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Медициналык жардам жана дары-дармектер саясаты башкармалыгынын башчысынын м.а. Нургуль Ибраева 28-сентябрда брифингде билдирген.
«Эгерде, саламаттык сактоо уюмдары суюк кислород менен иштей турган болсо, кычкылтек концентраторлору көп колдонулбайт. Компьютердик томография боюнча 7 аппараты жакында келет жана облустарга бөлүштүрүлөт. Ошондой эле, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооуканасына жана Улуттук госпиталга комьютердик томография орнотуу пландалууда», – деп билдирди Ибраева.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом