«Байпак баркты түшүрөт». Туу менен гербдин сүрөтүн кийимге түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды

«Байпак баркты түшүрөт». Туу менен гербдин сүрөтүн кийимге түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды

Министрлер кабинети мамлекеттик символдордун сүрөтүн түшүрүүгө тыюу салынган  продукциялардын (товарлардын) тизмесин иштеп чыгат. Бул боюнча мыйзам долбоорун депутат Мейкинбек Абдалиев коомдук талкууга чыгарды.

Эл өкүлүнүн пикиринде, өлкөнүн башкы атрибуттарынын баркы түшүп кетти.

“Соңку мезгилде мамлекеттик символдордун (туу жана герб) сүрөттөрү кийим-кечелерге, айрыкча ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүлгөн учурлары бар. Бул мамлекеттик символдордун баркын төмөндөтөт. Аны менен жарандар сый-урматын көрсөтпөйт”, — дейт ал.

Мейкинбек Абдалиев туу менен гербдин сүрөтү визиткаларга, социалдык тармактардагы жеке аккаунттарга, коммерциялык сайттарга коюлуп жатканына каршы. Эл өкүлү аларды колдонуу жол-жобосу иштелип чыгып, мыйзам менен көзөмөлдөнүшү керектигин белгилейт.

“Министрлер кабинети мамлекеттик символдордун сүрөтүн кайсы жерлерге түшүрүүгө болбой турганынын тизмегин иштеп чыгып, бекитүүгө тийиш”, — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>