Бишкекте тургун 30 миң долларлык унаасын шылуунга алдырып ийген

Бишкекте тургун 30 миң долларлык унаасын шылуунга алдырып ийген

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 14-августта Бишкекте Г.Б. аттуу адам шаар тургунунан баасы 30 миң долларлык «БМВ М3 340» унаасын сатып алам деген шылтоо менен алып, андан кийин аны башка адамга сатып салган. 17-октябрда алданып калган жаран милицияга кайрылган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 26 жаштагы Г.Б. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар жек жоктугу такталууда.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, 0(509)100-188, 0(500)030-200, 0(557)045-102, 0(312) 544-184, 0(312) 544-116 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>