Суу тартыштыгы мынчалык болорун билген эмеспиз, — вице-мэр

Суу тартыштыгы мынчалык болорун билген эмеспиз, — вице-мэр

Бишкек мэриясы суунун жетишсиздиги болорун алдын ала билгенби? Мындай суроону Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында депутат Дастан Бекешев мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиевге узатты.

Жыйында республикада ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу көйгөйлүү маселелер талкууланууда.

«Жер астындагы суулардын деңгээли мынчалык төмөндөй турганын билген эмеспиз», — деп жооп берди вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев.

Ал белгилегендей, маселени чечүү үчүн мэрия үч жылдан бери жаңы суу топтомолорун куруу үчүн Аламүдүн районунан жер тилкелерин сурап келет.

«Азыр жер бөлүп берүү боюнча протоколдук тапшырма берилип жатат», — деди Шамыралиев.

Эске салсак, борбордо суунун жетишсиздигинен улам көп көлөмдөгү суу керектелген жеке мончолор, унаа жуучу жайлар жана бассейндер убактылуу жабылган. Мындан тышкары, Арча-Бешик конушундагы жана Селекционное, 105-контракт, Салкын-Төр, Төмөнкү Орок, Сары-Өзөн, Плодовое жана Калтар айылдарына ичүүчү сууну берүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Жанындагы участокторду жана бакчаларды күндүзгү ичүүчү суу менен сугаруу боюнча тынымсыз рейддер өткөрүлүүдө.

Бишкектин түштүк тарабында ичүүчү сууга түнкүсүн чектөө киргизилди.

Суу тартыштыгы маселесин чечүүгө канча каражат керектиги айтылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>