Баланын психикасын бузган контенттерге тыюу салуу сунушталды

Баланын психикасын бузган контенттерге тыюу салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Жамиля Исаева балдардын ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтире турган  маалыматтарды таратууга чектөө киргизүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында талкууланды.

Баяндама жасаган Жамиля Исаеванын айтымында, мыйзам долбоору балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында интернет булактарында, массалык маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан материалдарда жаш курактарын эске салган билдирүүлөрдүн милдеттүү болушун шарттайт.

Депутат кошумчалагандай, турмуштук тажрыйбасынын жоктугунан, чыңдала элек психикасынын айынан, бала компьютер оюндары, уюлдук байланыш, жарнама, өзгөчө “Интернет” тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылууда. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоору маалымат-коммуникациялык тармактарында балдардын маалымат коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган.

Талкуу маалында депутат Бактыбек Сыдыков мыйзам долбооруна колдоо билдирип, сунушталып жаткан чектөөлөрдү ишке ашыруу механизмдерине кызыкты. Буга Жамиля Исаева мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин анын аткарылышына жооптуу мамлекеттик органдар аныкталаарын маалымдап: «Балдарга тыюу салынган басма сөз түрүндөгү маалыматтар үчүн жоопкерчилик басылмаларга жүктөлөт», — деди.

Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева үй-бүлөлүк баалуулуктарды жокко чыгарган маалымат эмнени билдирерин тактады. Мындан тышкары, депутаттар Гүлшаркан Култаева жана Шаирбек Ташиев курамында баңги заттары бар дары-дармектер эркин сатылып жатканы боюнча тынчсыздануусун билдиришип, мындай дарыларды сатууга чектөө киргизүүнү сунушташты.

Ошондой эле депутаттар Шаирбек Ташиев жана Улугбек Ормонов жашы жете электерге вейп сатуу маселесин ортого салып, Саламаттыкты сактоо министрлигин ыкчам түрдө чара көрүүгө чакырышты.

Соңунда комитет аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>