«Инвесторго бут тосууда». Президент сөз кылган депутат кармалды

«Инвесторго бут тосууда». Президент сөз кылган депутат кармалды

Ысык-Көлдө Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-майда Ысык-Көл райондук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери ошол эле райондун тергөө кызматына рапорт менен кайрылган. Аталган кызматкер социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты инвестордун ишине тоскоолдук кылып, андан ири өлчөмдө акча талап кылып жатканы тууралуу маалымат жарыяланганын билдирген.

 

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция аты аталган адам 44 жаштагы Чолпон-Атанын тургуну, шаардык кеңештин У.А. аттуу депутаты экенин аныктаган.

Териштирүү учурунда белгилүү болгондой, аталган депутат У.А. 2015-жылы Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен шаардын көл жээк жагындагы жер тилкени пляждык зона уюштуруу үчүн беш жылга ижарага алуу боюнча келишим түзгөндүгү аныкталган.

Ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин ал ижара мөөнөтүн узартуу үчүн Чолпон-Ата шаарынын мэриясына кайрылган. Бирок Чолпон-Ата шаарынын мэриясы ижара мөөнөтүн узартуудан баш тарткан. Буга байланыштуу шаардык кеңештин депутаты У.А. Ысык-Көл райондук сотуна кайрылган. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө аталган жер тилкеси камакка алынып, учурда сот процесси уланып жатканы белгилүү.

«Териштирүүнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 2022-жылы инвестор Чолпон-Ата шаарынын мэриясына беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн жер тилкени ижарага алуу үчүн кайрылган. Мэрия тарабынан жер бөлүнүп берилип, ал шаардык кеңештин депутаты У.А. менен Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын ортосунда соттук териштирүү жүрүп жаткан жерге жакын жайгашкан.

Мейманкананы куруу үчүн инвесторго кошумча жер тилкеси керек болуп, коңшу жер тилкеси боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканын билбей туруп, У.Ага кайрылган. Ал эми, шаардык кеңештин депутаты инвесторго соттук териштирүү боюнча туура эмес маалымат берип, бул жер тилкеде курулуш иштерин жүргүзгөндүгү боюнча да жалган маалымат айтып, инвестордун ишенимине кирип, бул чыгымдардын ордун толтурууну сунуш кылган. Натыйжада, шаардык кеңештин депутаты У.А. инвестордон 12 миң доллар акчаны алдоо жолу менен алган», — деп билдиришти милициядан.

Аныкталган жагдайларга байланыштуу кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинен (Опузалап талап кылуу) 209-беренеге (Алдамчылык) кайра квалификацияланган.

Шектүү катары кармалган шаардык кеңештин депутаты 5-июнда 48 саатка камакка алынган.

Учурда тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, Чолпон-Атада мейманкана курууну көздөп жаткан инвесторго бут тосуп, акча алган жергиликтүү кеңештин депутаты тууралуу 30-майда Садыр Жапаров айтып чыккан. Жапаров билдиргендей, жергиликтүү кеңештин депутаты инвесторду «иштетпейм» деп, андан 1 млн сом алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>