Мүлкүн ачыктагандар жоопко тартылбайт. Мыйзамга кол коюлду

Мүлкүн ачыктагандар жоопко тартылбайт. Мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу презденттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 2023-жылдын 4-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Сунушталган мыйзамдын максаты жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө төмөндөгүлөр аркылуу тартууга багытталган:

– активдерди декларациялоо учурундагы абалы боюнча жеке жактарга таандык, анын ичинде башка адамдарга номиналдуу катталган жана/же Кыргызстандын чегинен тышкары жерде жайгашкан активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү;

– Кыргызстандын экономикасына ички жана тышкы инвестициялардын көбөйүшү;

– көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу;

– активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул мыйзамда каралган өздөрүнө таандык болгон активдерди ыктыярдуу декларациялоого чейинки мыйзамдардын талаптарын бузулгандыгы үчүн Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоодон коргоо.

Ушул мыйзам төмөнкү активдерге карата колдонулбайт:

– Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүдөгү чектелген же жүгүртүүдөн алынган;

– Кыргызстанда же анын чегинен тышкары жерлерде ушул мыйзам колдонууга киргизилген учурга карата аларды конфискациялоо же башка адамга өткөрүп берүү жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими колдонулган, ошондой эле соттук кароонун предмети болуп саналган мүлккө.

Ошондой эле бул мыйзамдын колдонулушу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук талаптарды аткарууга, анын ичинде бул чөйрөдө эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>