Элдик репортер: Бишкекте троллейбус кырсыктап, жүргүнчүлөр жабыркады

Элдик репортер: Бишкекте троллейбус кырсыктап, жүргүнчүлөр жабыркады

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө (Скрябин көчөсү менен кесилишкен жакта) №10 троллейбус жол кырсыгына кабылып, жүргүнчүлөр жабыркады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окуяда жабыркаган адамдар билдирди.

Алардын айтымында, троллейбусстун айдоочусу унааны катуу айдап баратып, жолдон чыгып кетип, бакты сүзүп токтогон. Жол кырсыктан 2-3 жүргүнчү жабыркап, алардын айрымдары тез жардам менен кайгуул кызматкерлерин күтпөстөн, такси менен ооруканага кетип калышкан. Жол кырсыктан жабыркаган бир адамдын көзү көгөргөн. Ошондой эле мээси чайкалган болушу мүмкүн. Бир аялдын колу сынган.

Бишкек шаардык мэриянын маалыматы боюнча, жол кырсык болжол менен саат 08:10до болгон. Айдоочунун айтымында, ал Байтик Баатыр көчөсү менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып Скрябин көчөсүнөн өткөндө, сол жагынан жеңил унаа кысып, андан качууга аракет кылганда рулду башкара албай, жол жээгиндеги бакты сүзүп токтогон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>