Балбан кыздар Олимпиадада алтын медаль утууну убадалашты

Балбан кыздар Олимпиадада алтын медаль утууну убадалашты

Балбан кыздар 2024-жылы Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынууга убада беришти. Бул тууралуу алар 19-октябрда Бишкек шаарындагы “Жаштык” массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясынын базасында курулган кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залынын ачылышында айтышты.

Ачылышка Садыр Жапаров, кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазаровалар катышты.

 “Биздин спортчу кыздар өлкөнү бүт дүйнөгө даңазалап жатышат. Ошондуктан, мен демилге көтөрүп, бүгүн ачып жаткан бул спорт залдын курулушун жеке көзөмөлгө алдым. Сиздер өсүп келе жаткан муунга үлгү болосуздар, аларды спортко кызыктырасыздар деп ишенем”, — деди президент кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө кайрылып.

Мамлекет башчысы ошондой эле балбан кыз-келиндер алдыдагы Олимпиада оюндарында алтын утат деген ишенимин билдирди.

Спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова ал үчүн бардык күч-аракетин жумшарын айтышып, 2024-жылы Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынууга убада беришти.

Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары, 2024-жылдын 26-июль — 11-август аралыгында Франциянын Париж шаарында өтөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>