Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
“Балыкчы эт комбинаты” мамлекетке өттү
26.03.2025 | 17:01
Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы «Балыкчы эт комбинаты» ишканасынын 100% акциясы мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ишкананын жалпы аянты 10,7 гектарды түзөт.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 1995-1996-жылдары «Кыргызтрансавто» ишканасынын ошол убактагы төрагасы У.С.И. айрым кызмат адамдарынын жардамы менен мамлекеттик каражаттардын эсебинен аталган ишкананы жер тилкеси менен кошо мамлекеттин балансынан мыйзамсыз чыгарганы аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар