«Аймактын бермети», «акылман эл»: ШКУ лидерлери Кыргызстан тууралуу
2026-жылдын 30-августунан 1-сентябрына чейин Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында, Reporter.kg ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Кыргызстан, анын эли, жаратылышы жана башка мамлекеттер менен мамилеси тууралуу 10 таасирдүү сөзүн чогултту.

Кыргыздар — акылман жана эмгекчил эл

«Мен кыргыздарды жакшы билем, бул — акылман жана эмгекчил эл. Ошондуктан, эгерде биз биргелешип иштесек, чоң ийгиликтерге жетишебиз», — деди Беларусь президенти Александр Лукашенко 2023-жылдын 5-октябрында Минск шаарында, расмий иш сапары менен жүргөн Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Шакиев менен болгон жолугушууда.
Маектештер экономикалык байланыштарды, парламенттер аралык жана аймактар аралык кызматташтыкты талкуулашты. Бул сөздүн алдында Лукашенко мурда Беларусь Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын, анын ичинде кант кызылчасынын үрөнүн сатып алганын эске салды.
Казактар менен кыргыздардан өткөн жакын эл жок

«Казактар менен кыргыздардан өткөн жакын эл жок. Биздин элдер кан-жандан жана рухий жактан, жалпы тарых жана маданий мурас менен байланышкан. Кыргыздардын жана казактардын кылымдарды карыткан достугу убакыттын сыноосунан өткөн», — деп билдирди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2025-жылдын 22-августунда Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарынын жүрүшүндө.
Бул сөз Бишкекте Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовго арналган «Достуктун алтын көпүрөсү» эстелигинин ачылыш аземинде айтылды. Аземге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.
Бир нече ай мурун, 2025-жылдын 24-апрелинде, Казакстан элинин Ассамблеясынын XXXIV сессиясында сүйлөп жатып, Токаев Казакстандын коңшу өлкөлөр менен мамилеси тууралуу айткан сөзүндө кыргыздарды өзгөчө белгилеп өткөн:
«Ала-Тоо койнунда жашаган кыргыздар — биздин кан боордошторубуз», — деди казак лидери.
Кыргызстан экономикалык өнүгүүнүн жогорку темптерин көрсөтүүдө

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2026-жылдын 31-июлунда Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында өткөн Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусунда сүйлөп жатып, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыгын белгиледи.
«Кыргызстанда болгон ушул эки күндүн ичинде Сиздин жетекчилигиңиз астында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалардын жыйынтыгына суктандым. Өлкө экономикалык өнүгүүнүн жогорку темптерин көрсөтүп жатат, анын эл аралык аброю тынымсыз өсүүдө», — деди Мирзиёев.
Кытай менен Кыргызстан — жакшы коңшулар, жакын достор жана жакшы өнөктөштөр

2025-жылдын 5-февралында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Пекиндеги Элдик жыйындар үйүндөгү жолугушууда КЭР Төрагасы Си Цзиньпин мындай деп билдирди:
«Кытай менен Кыргызстан — тоолор, дарыялар жана элдер ортосундагы жакындык менен байланышкан жакшы коңшулар, жакын достор жана жакшы өнөктөштөр».
КЭР лидери акыркы жылдары эки өлкөнүн мамилеси сапаттык жактан секирик жасап, жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкканын баса белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстан тандап алган өнүгүү жолун колдой турганын билдирди.
Кыргызстан — туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш

«Сиздин жетекчилигиңиз астында республика туруктуу, ишенимдүү өнөктөш экенин канааттануу менен белгилейбиз», — деп билдирди Орусиянын президенти Владимир Путин 2025-жылдын 26-ноябрында Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Бишкектеги «Ынтымак Ордодо» өткөн кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүндө.
Ал ошондой эле эки өлкөнүн мамилесине мындайча мүнөздөмө берди:
«Стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык боюнча орус-кыргыз мамилелери бири-бирин урматтоонун жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде ийгиликтүү өнүгүүдө».
Түбөлүк достук чек арасы

«Бул багытта Тажикстан менен Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү чоң», — деди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2025-жылдын 13-мартында Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров менен тарыхый сүйлөшүүлөрдүн жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө Келишимге кол коюунун жыйынтыгы боюнча.
Экономикалык кызматташтыктын, өнөр жай кооперациясынын, энергетика, транспорт, айыл чарба жана гуманитардык байланыштардын потенциалы жөнүндө айтып жатып, Рахмон төмөнкүлөрдү баса белгиледи:
«Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө оптимисттик көз караш менен кароого мүмкүндүк берет».
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Тажикстандын башчыларынын 2025-жылдын 13-мартындагы биргелешкен билдирүүсүндө мындай деп айтылат:
«Мындан ары жана түбөлүккө тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасы эки боордош өлкөнүн жана элдин түбөлүк достук чек арасы бойдон калат».
Кыргызстандын жаркын келечеги жөнүндө

«Өзүнүн табигый сулуулугу, күчтүү демократиясы жана таланттуу адамдарынын аркасында бул өлкөнүн келечеги жаркын», — деди Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 2019-жылдын 14-июнунда Кыргызстанга жасаган расмий иш сапары учурунда.
Моди ошондой эле эки өлкөнүн тарыхый жана маданий жакындыгын белгилеп, кыргыз элинин Индия элине болгон достугу жана сүйүүсү «жүрөктү козгоорун» айткан.
Кыргызстан менен Ирандын жалпы маданий мурасы жөнүндө

«Нооруз — биздин жалпы маданий мурасыбыз», — деп айтылат Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын майрамга карата Садыр Жапаровго жана Кыргызстандын элине жолдогон кайрылуусунда.
Пезешкиан Ноорузду адамдарды жаңыланууга, таарынычтарды жеңүүгө жана «достукту, ак ниеттүүлүктү тереңдетүүгө» үндөгөн байыркы салт деп атады.
Эскерте кетсек, Иран 2023-жылы ШКУнун толук укуктуу мүчөсү болгон.
Жаратылыштан баштап стратегиялык өнөктөштүккө чейин
Акыркы жылдары ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери Кыргызстан тууралуу ар кандай контекстте — Ысык-Көлдүн табигый кооздугунан жана маданий мурасынан тартып, экономикалык кайра түзүүлөргө, стратегиялык өнөктөштүккө жана элдер ортосундагы кылымдарды карыткан байланыштарга чейин сөз кылышты.
Бул айтылган сөздөрдө Кыргызстан «аймактын бермети», «таланттуу адамдардын» өлкөсү жана ишенимдүү өнөктөш катары, ал эми кыргыздар «акылман жана эмгекчил эл» жана «кан боордоштор» катары көрүнөт.
Бишкекте өтө турган алдыдагы саммит ШКУ мамлекеттеринин диалогу үчүн жаңы аянтча болуп, балким, бул топтомду Кыргызстан тууралуу жаңы сөздөр менен толуктамакчы.
Анара Мамытова